Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-январы № 17/7
Жаңы-Жол айылдык Кенешинин 2019-жылга иш планын, туруктуу комиссиялардын иш пландарын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин 2- бѳлүмүнүн 11-пунктуна ылайык, Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилѳѳ максатында жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Жаңы-Жол айылдык Кеӊешинин регламентинин жаңы редакциясына негиз, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасынын корутундусун угуп Жаңы-Жол айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык Кеӊешинин иш планы жана айылдык Кеӊештин туруктуу комиссияларынын 2019-жылга иш пландары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Жол айылдык Кеӊешинин тѳрагасынын орун басары Б.Керимкуловго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н.Калпаков |