Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-январы № 17/9
Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан спортзал Жаңы-Жол айылынын тургуну маркум Мадумаров Суеркулдун атынан ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан спортзал Жаңы-Жол айылынын тургуну маркум Мадумаров Суеркулдун атынан ыйгаруу боюнча Жаңы-Жол айылдык Ардагерлер Кеңешинин жана мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI1-чакырылышынын кезексиз ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан спортзал Жаңы-Жол айылынын тургуну маркум Мадумаров Суеркулдун атынан ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укуктук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Н.Калпаков |