Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI1-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы
2019-жылдын 10-июну №19-3
Жаңы-Жол айылынын карагансай айылындагы АЗС ке караштуу жер аянтын багытын өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айылынын “карагансай” участкасындагы АЗС ке караштуу 1000м2 жер аянтынын багытын өзгөртүү максатында айылдын тургуну Ботобеков Уландын кайрылуусун айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү талкулап жана ордунда таанышып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын Карагансай айылындагы АЗСке тиешелүү 1000м2 жер аянтынын 600м2 жер аянтын жашылдандырууга, 400м2 жерин АЗС ке калтырып өзгөртүүсү райондук архитектура жана мамкаттоо башкармалыгына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кенештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктөлсүн.
3. Токтом Jany-jol.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н.Калпаков |