Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI1-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы
2019-жылдын 10-июну №19-4
Жаӊы-Жол айыл аймагынын 2019-жылга бекитилген пландан айыл чарбасына таандык эмес жер салыктарын өзгөртүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги “Жаӊы-Жол айыл аймагынын 2019-жылга бекитилген пландан айыл чарбасына таандык эмес жер салыктарын өзгөртүү жѳнүндѳ”айыл ѳкмѳтүнүн башкы салыкчысы А.Маметовдун билдирүүсүн жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап жергиликтүү айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги Х1Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаӊы-Жол айыл аймагынын 2019-жылга бекитилген пландан айыл чарбасына таандык эмес жер салыгынан 12.0(он эки миң) сомду кыскартуу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н.Калпаков |