Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI1-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы
2019-жылдын 25-июлу №20-1
“Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө”
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси Н.Эшимбековдун жер фондун инвентаризациялоо жүрүшү жөнүндө билдирүүсү жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаны-Жол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын)жыйынтык материалдары айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде бекитилсин.
2. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 13 июлундагы № 193-б буйругу менен түзүлгөн райондук комиссия Жаңы-Жол айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, бекитүү үчүн райондук мамлекеттик администрациясына киргизүү суралсын.
3. Райондук мамлекеттик администрациясынан айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жыйынтарын бекитип берүү суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н.Калпаков |