Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезектеги 23 заседаниеси
2019-жылдын 10-сентябры №24/1
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу китепканалардын аткарып жаткан иштери жана калкты маданий жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө
Китепканалардын калкка кызмат көрсөтүүсү жана аткарып жаткан иштерин карап чыгып, жана талкуулап Будалык айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2018-2019-жылдарда №11 Октябрь жана №12 Кара Суу китепканаларында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканы белгиленсин.(тиркелет)
2. №11 Октябрь китепканасында Кыргыз Республикасында “2019-жыл айылдарда Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата “электрондук китепкана” ачууга аркеттер көрүлсүн.
3. Китепканаларга интернет байланышы орнотулуп, оргтехникалар менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берген акча каражаттарын мыйзамдуу пайдалануусуна көнүл бурулсун.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |