Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезектеги 23 заседаниеси
2019-жылдын 10-сентябры №24/4
Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Будалык айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүп, бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Будалык айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн келишимди бекитүү максатында
Т О К Т О М К Ы Л А М Ы Н:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Будалык айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүлүп бекитилсин.(тиркелет)
2. Түзүлгөн келишимде белгиленгендей айыл өкмөтүндө социалдык маселелердин максатка ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык жана жарандык кызмат жөнүндө Мыйзамына ылайык социалдык маселелерди аткарып жаткан кызматкерге кенже кызмат оруну, жетектөөчү адистик маянасы төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |