Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № 21/3
Кербен шаарынын мэриясынын, Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүнүн № 250 үйүнүн тургуну Мирланбек Шабдановго жана Афган согушунун катышуучуларына арналып тургузулуп жаткан эстеликке каражат, ветеринардык операторго штат бөлүп берүү тууралуу сунушу жөнүндө
Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин 05.11.2019-жылдагы № 3-35/664 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеӊештин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 25-ноябрдагы № 65 токтомдоруна негиз, жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын борборунда Афган согушунун катышуучуларына арналган эстеликтин курулушуна 20 000 (жыйырма миӊ) сом акча каражатын 2019-жылдын бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кербен шаарында идентификацияланган үй жаныбарларын бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү жагы мэриянын тийиштүү адистерине милдеттендирүү жагы шаардын мэрине жүктөлсүн.
3. Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүнүн № 250-үйүнүн жашоочусу М.А.Шабдановго өрттүн кесепетин жоюу үчүн 60 000 (алтымыш миӊ) сом колдоо көрсөтүүгө уруксат берилсин.
4. Кербен шаарынын 2019-жылдын бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Кербен шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Б.Ыманбай уулуна жүктөлсүн.
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. 4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |