Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 32/2
Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн 02.12.2019ж. №1-08/419 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык билим берүү мекемесине караштуу мектеп, бала бакча жана мектептен тышкаркы уюмдарында турган кээ бир материалдык баалулуктардын өтө эскилиги жетип иштебейт, ошондуктан баланста турган негизги каражаттарды жок кылууга уруксат берүү жөнүндө сунушту шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык билим берүү мекемесине караштуу мектеп, бала бакча жана мектептен тышкаркы уюмдарында баланстагы эскилиги жетип иштебей турган материалдык баалулуктарды жокко чыгаруу үчүн (списание) комиссия түзүлүп инвентаризация жүргүзүлүп, актын негизинде баланста турган каражаттарды «Темир» мамлекеттик ишканасына тапшырып, андан түшкөн каражаттар шаардын бюджетине түшүрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |