Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 1
Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Аксы райондук прокуратурасынын сунушун талкулоо жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Камчыбек уулу Шекербек чыгып сүйлөп, айылдык кеңештин депутаттары өзүнүн жакын тугандарынын кирешелери жана чыгашалары боюнча мамлекеттик салык инспекциясына электрондук түрдө жана салык мыйзамдарына белгиленген тартипте декларация тапшырууга милдеттүү. Ошого байланыштуу, Аксы райондук прокуратурасы тарабынан мамлекеттик салык кызматынын Аксы райондук башкармалыгынын билдирүүсүнүн негизинде текшерүү жүргүзүлүп натыйжада төмөндөгү депутаттарыбыз Давлетов А, Бекилов С, Сасыкбай уулу М, Кыдыралиев А, Усупбаев Мелисбектер ушул күнгө чейин өздөрүнүн жакын, тугандарынын кирешелери жана чыгымдары боюнча декларация тапшыргандыгы боюнча Аксы райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 3-июнундагы №11/1-1-646-19 сандуу сунушу менен тааныштырды. Андан кийин чыгып сүйлөгөн депутаттар Давлетов А, Бекилов С, Сасыкбай уулу М, Кыдыралиев А, М Усупбаевдер чыгып сүйлөп Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү үчүн тез аранын ичинде өздөрүнүн жана жакын тугандарынын кирешелери жана чыгашалары боюнча Аксы райондук салык инспекциясына декларация тапшыруу боюнча убадаларын беришти.
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзүнүн, жакын тугандарынын кирешелери жана чыгашалары боюнча декларация тапшырышпаган төмөндөгү депутаттар Давлетов А, Бекилов С, Сасыкбай уулу М, Кыдыралиев А, М Усупбаевдерге тез арада тапшыруу жагы эскертилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |