Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 3
Эмгек ардагери Айтмырзаев Арапбай “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери” наамына көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин маселелери мыйзамдуулук укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Камчыбек уулу Шекербектин угуп жана талкуулап аталган туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 27-июнундагы отурумунун №10-токтомуна ылайык Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эмгек ардагери Айтмырзаев Арапбайдын айыл аймагында айыл чарбасына өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алып “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери”наамына көрсөтүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомго негиз жогоруда көрсөтүлгөн сыйлыкка көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |