Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 4
Эмгек ардагери Туралиева Кымбатты “Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Камчыбек уулу Шекербек төмөндөгүдөй билдирүү жасады. Айыл аймагынын Туюк-Жар айылынын жашоочусу, “Баатыр эне” төш белгисинин ээси, айылдык кеңештин бир канча жолку депутаты, айылыбыздын насаатчысы Туралиева Кымбатты “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча өзү жашаган Туюк-Жар айылынын тургундарынан кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуунун артында айыл жашоочулары катышкан жалпы чогулуштун токтому, өмүр баяны, басып өткөн эмгек жолунун таржымалы, алган сыйлыктары боюнча маалыматтар тиркелген.
Камчыбек уулу Шекербектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, мыйзамдуулук укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 27-июнундагы отурумунун №10 токтомуна ылайык Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Эмгек ардагери, “Баатыр эне” төш белгисинин ээси, айыл насаатчысы Туралиева Кымбатка “Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Ардактуу атуулу наамын тастыктоочу тиешелүү белгилер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |