Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу № 2
ЕБРРдин каржысы менен Кербен шаарына жана Кашка-Суу айыл аймагына куруулучу таза суу долбоорун ишке ашыруу үчүн капиталдык инвестицияны пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө.
Каралган маселе боюнча М. Токтомушев төмөндөгүдөй билдирүү жасады.
ЕБРР аркылуу Кербен шаарына жана Кашка-Суу айыл аймагына капиталдык инвестиция 3,0 млн евро, техникалык колдоого 1,0 млн евро грант түрүндө, 2,5 млн евро кредит түрүндө 1% менен 15 жылдык мөөнөткө таза суу долбоорунун алкагында төмөндөгү курулмалар курулуусу күтүлүүдө.
Кашка-Суу жана Жаңы-Айыл айылдарына 50 м 3 суу бата турган 2 жаңы резервуар (суу кампа).
Кашка-Суу жана Жаңы-Айыл айылдарына 8 чакырым суу түтүгүн тартуу.
Кашка-Суу жана Жаңы-Айыл айылдарына жаңы суу тазалоочу имарат (хлораторный)
Абоненттерге суу эсептегичтер орнотулат.
Жогоруда аталган кредиттик төлөмдөрдү таза сууну пайдалануучулар ай сайын пайдалангандыгынын эсебинен төлөй баштайт. Ошого байланыштуу бул боюнча сиздердин макулдугуңуздар керек экендигин айтты.
Андан кийин чыгып сүйлөгөн депутаттар Досалиев Ж, Жетимишов А, Шатманов Э, Камчыбек уулу Шекербектер суу пайдалануучулар менен бул маселе боюнча сүйлөшкөндүгүн, келечекте кредиттик төлөмдөр элибизге оор келе тургандыгын айтышты. Андан сырткары жогоруда аталган курулмаларга тиешелүү жер аянттарын бөлүп берүү керек болгон учурда көп талаш тартыш маселелери жарала тургандыгын айтышты.
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1 ЕБРРдин каржысы менен Аксы районунун Кербен шаарына жана Кашка-Суу аймагына курулуучу таза суу долбоорун ишке ашыруу үчүн капиталдык инвестицияны пайдаланууда, айыл тургундарынын кийинки мезгилдерге кредиттик төлөмдөрүн кайтаруу оор шартты болгондуктан макулдук берилбесин.
2. Таза суу долбооруна керектелүүчү эки жаңы резервуар (суу кампа), суу тазалоочу имарат (хлораторный) курууга тиешелүү жер аянттарын бөлүп берүүгө тыюу салынсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, суу жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Мамадалиев |