Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 4
Айыл аймагынын Кара-Төбө айылынын тургуну,эмгек ардагери Ташбаев Жолчуга “Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгруу жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Камчыбек уулу Шекербектин билдирүүсү боюнча эмгек ардагери Ташбаев Жолчу авабыз өз мезгилинде айылыбыздын социалдык экономикасынын өнүүгүшүнө алгылыктуу салымын кошуп келгендигин, ошого байланыштуу бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси болгондуктан Кара-Төбө айылынын жашоочулары демилге көтөрүп сыйлыкка көрсөтүү боюнча айылдык кеңешке кайрылгандыгын айтты.
Камчыбек уулу Шекербектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартиби жана этика маселелри боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдык 18-июлунда өткөрүлгөн отурумунун №11 токтомуна ыйлайык Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Эмгек ардагери Ташбаев Жолчунун өз мезгилинде айылдын социалдык-экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы эске алынып “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Ардактуу атуул” наамын тастыктаган тиешелүү белгилер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |