Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Каралган маселе боюнча 2017-2018-жылдардагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттик жана атайын каражаттарынын түзүлүшү жана аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын эсептөө платасынын Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун токтомуна ылайык Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Максатсыз пайдаланып кеткен 2215 “Ар түрдүү чыгым үчүн” беренесинен 33,5 миң (отуз үч миң беш жүз) сом, 3111 “Имараттар жана Курулмалар” беренесинен 20,0 (жыйырма миң) сом жалпысы 53,5 миң (элүү үч миң беш жүз) сом акча каражатын 1% резервдик фондуна которулсун.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сатына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Мамадалиев |