Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-ноябры № 2
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кызмат көрсөтүү борборунун” жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Жалал-Абад областы, Аксы району, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кызмат көрсөтүү борборунун” жобосунун долбоорун талкуулап, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-пунктуна таянып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кызмат көрсөтүү борборунун” жобосу бекитилсин.
2. Кашка-Суу айыл өкмөту “Кызмат көрсөтүү борборунун” иштеши үчүн жарактуу жана ошого ылайыкталган өзүнчө жайды бөлүп берип, ал жерде калкты кабыл алууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштурсун.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Мамадалиев |