Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-ноябры № 3
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчёттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн карап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн аудити тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча түзүлгөн отчётунда жана жазма буйругунда көрсөтүлгөн кемчиликтери өз убагында жоюлду.
2. Мындан ары мындай кемчиликтерге жол бербөө жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У. Мамытовго жүктөлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
Төрага | Ө. Мамадалиев |