Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-ноябры № 5
Аксы райондук эмгек жана социалдык башкармалыгы менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жедигеровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |