Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-ноябры № 6
Тосту, Чеч-Төбө айылдарынын жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Тосту, Чеч-Төбө айылдарын суу түтүгүн куруу үчүн суу башаты жана суу кампасына тиешелүү жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө кайрылгандыктан алардын талабын канааттандыруу максатында айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Шатмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Тосту, Чеч-Төбө айылдарына суу түтүгүн куруу үчүн суу башатына жана суу кампасына тийиштүү жер аянтарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Суу башатына жана суу кампасына тиешелүү жерлерди ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Мамадалиев |