Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 8-8-1
ЖЧК «МС ЛЗ» жумушчуларына наам ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
“Майлуу-Суу лампа заводу” жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуу катынын негизинде М.Кочкоровтун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин VIII-чакырылышынын VIII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «МС ЛЗ» ЖЧК профсоюздук комитетинин тѳрагасы М.Кочкоровтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. «МС ЛЗ» ЖЧК тѳмѳнкү жумушчуларын «Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн ардак грамотасы» менен сыйланышына макулдук берилсин:
1. Токтабаев Мурзажан Абдиевич;
2. Турдубаев Торобек;
3. Ахмедов Валижан Тургунович;
4. Абдуллаев Нурали Ташбулатович;
3. «МС ЛЗ» ЖЧК тѳмѳнкү көрсөтүлгөн жумушчуларына «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген ѳнѳр-жай кызматкери» наамын ыйгарууга макулдук берилсин:
1. Мадрахимова Ырысбу Ботобаевна;
2. Акаев Калдарбек Эргашбаевич;
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана-чѳйрѳнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.С.Базарбаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |