Редакцияот 19.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 19-декабры № 8-8-2

Эмгек рыногунда атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуу максатында Майлуу-Суу шаарындагы жалпы ишкана-мекемелерине 2020-жылга 5 жумуш орунга квота бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295; 314 беренелерине ылайык шаарда эмгек рыногунда бирдей шартта атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуунун кошумча гарантиялары жөнүндөгү Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кайрылуу катын карап чыгып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кайрылуу каты жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295; 328 беренелерине ылайык жана райондун аймагында менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдарда иштеген жумушчулардын орточо санынын Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин жарандардын категорияларын ишке кабыл алуу үчүн атайын жумуш орундарынын (квота) саны 2020-жылга карата Майлуу-Суу шаарындагы жалпы ишкана-мекемелерине 5 адам жумушка орнотуу квотасы бекитилсин.

3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык жактан коргоо,билим берүү,саламаттыкты сактоо,укук коргоо,дин маселелери жана депутаттык этика боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына (К.С.Базарбаев) жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы (А.Э.Сагындыкова) жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.К.Барбиев