Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык VII чакырылыштагы VI сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 22/6-7
Талас облустук согуштун жана эмгек ардагерлер ооруканасынын септигин жаңыртуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү" мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 05.04.2017-жылдагы №01-1/332 чыгыш сандуу катынын негизинде,Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын № 2 протоколдук сунушуна карата Талас облустук өнүктүрүү фондусунан Талас шаарынын соцобьектилерин оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча приоритеттүү зарыл заманбап тейлөөнү ишке ашыруу максатында долбоорун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облустук согуштун жана эмгек ардагерлер ооруканасынын септигин жаңыртуу үчүн жалпы суммасы 2.256.204 (эки миллион эки жүз элүү алты миң эки жүз төрт) сомго эсептелген долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |