Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 24-декабры ПЖ № 253
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө
(КР Президентинин 2019-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 87 , 2020-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 34
Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 3 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетке ага жүктөлгөн функцияларды аткарууда ар тараптан көмөк көрсөтсүн, анын ичинде мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырларды камтыган документтерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2019-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 87, 2020-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Президенти, Комитеттин төрагасы; |
Асрандиев Эркин Шамшудинович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комитеттин төрагасынын орун басары; |
Сыдыков Аскар Куттубекович | - | Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору, Комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Комитеттин мүчөлөрү: | ||
Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Арапбаев Азамат Абдуллажанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Байбакпаев Экмат Джурукпаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Осмонбетов Эмиль Кубатович | - | Кыргыз Республикасын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору; |
Койчуманов Таалайбек Джумашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы; |
Шаршекеев Марат Дуйшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
(Абзац КР Президентинин 2019-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) | ||
Робин Орд-Смит | - | Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) (макулдашуу боюнча); |
(Абзац КР Президентинин 2019-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) | ||
Абдраев Алмазбек Кошоевич | - | "Текстиль-Транс" ЖЧКнын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Асанов Сапарбек Жекшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын "Легпром" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Алимжанова Дилбар Икрамовна | - | Жашылча-жемиш ишканаларынын ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Досаев Ренат Абдуллаевич | - | Балык чарбаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Пакыров Фархад Ганижанович | - | "Бизнес Ассоциация ЖИА" юридикалык жактардын бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кадыров Суюндук Кадырович | - | "Сүт союзу" ассоциациянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кузнецов Ярослав Евгеньевич | - | "Группа ОргСинтез" АКнын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Кошоев Данияр Ахунбаевич | - | Эркин экономикалык зоналардын инвесторлорунун ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Юлдашева Азиза Узгеновна | - | "Жер Азыгы" Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Ускенбаева Гульнара Тураровна | - | Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
(Абзац КР Президентинин 2019-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) | ||
Осмонова Зарина Турсунбековна | - | "Сталкер" ЖЧКнын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Мурат Кызтек | - | "CLAY KING" (Клэй Кинг) ЖЧКнын башкы директору (макулдашуу боюнча). |