Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 1-марты ПЖ № 31
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаардык сотуна, Жалал-Абад жана Баткен облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
- Бишкек шаардык сотуна
Абдымомунова Джамиля Канатбековна;
- Жалал-Абад облустук сотуна:
Абдыразаков Омурбек Анарбекович;
Акбаров Шакирали Айтбаевич;
Бекташов Суйунбек Исраилович;
Ботоев Ильяс Кулубаевич;
Токтосун уулу Каныбек;
- Баткен облустук сотуна:
Абдураимов Арзыбай Базарбаевич;
Азимжанов Мадамин Низамидинович;
Алимкулов Нургазы Халилович;
Кожобекова Гульмира Турдумаматовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |