Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 23/6-7
Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун 2016-жылга карата аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту, Талас шаардык кеңешинин 2017-жылга карата иш планына ылайык, Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун 2016-жылга карата аткарган иштери жөнүндө отчету эске алынсын жана мындан ары төмөндөгү сунуштардын үстүндө иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
-Көп өлчөмдөгү карызы бар абоненттер менен иштөө жана аларга мыйзам чегинде эскертүүлөр берилгенден кийин массалык маалымат каражаттары менен рейддерди уюштуруу аркылуу өндүрүү жагын практикалоо;
-Төлөмдөрдү өндүрүү ишинде электрондук банктык карточкаларды пайдаланууну ишке ашыруу;
-АКӨБнүн катуу турмуш тиричилик таштандылары боюнча төлөмдөрүн өндүрүү максатында мамлекеттик каттоо, паспорттук стол, нотариуска тиешелүү документтердин топтомуна таштандылар үчүн карызы жок деген аныктаманы кошуу маселесинин үстүндө ишти уюштуруу жана аткаруу;
- Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясына, Калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы менен Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу мекемесинин таштанды боюнча ишин бириктирүү маселесин сунуштоо;
- Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясы аркылуу Талас шаардык архитектурасына шаардагы курулуш обьектилери жөнүндө маселеде обьектке таштанды урналарын орнотуу боюнча милдеттендирүү жана шаардын көчөлөрүндө таштанды таштоо боюнча жерлерди ыңгайлаштуруу жагын камсыздап берүүсү жөнүндө сунуш киргизүү;
-Талас шаарынын көчөлөрүнө жана тиешелүү соода точкаларына урналарды жана таштанды салуучу контейнерлерди коюуда пилоттук аймак катары Жаштык кичи районунан баштап, тартиптештирүү программасын иштеп чыгуу;
-Базарда иштеген жеке ишкерлер менен келишим түзүү аркылуу таштанды төлөмдөрүн өндүрүү боюнча тынымсыз иш алып баруу;
Ушул токтомдун негизинде Талас шаардык аймактык коомдук башкаруусунун аткарган ишинин жыйынтыгы Талас шаардык кеңешинин 2017-жылдын IV-кварталына карата белгиленген кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизилип кайрадан каралсын.
Кабыл алынган токтомду Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүсүн көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |