Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 5-апрели ПЖ № 46
В.А.Шевченкону "Даңк" ордени менен сыйлоо жана П.В.Федотовго "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардак наамын берүү жөнүндө
Аралаш күжүрмөн искусствонун (MMA - Mixed Martial Arts) абсолюттук мушкердик чемпионатынын (UFC - Ultimate Fighting Championship) турнирлеринде өзгөчө спорттук жетишкендиктери үчүн "Даңк" ордени менен сыйлансын
Шевченко Валентина Анатольевна | - | аралаш күжүрмөн искусствонун мушкери, аялдар арасында өтө жеңил салмактагы UFC чемпиону. |
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардак наам берилсин
Федотов Павел Васильевичке | - | эл аралык класстагы спорт чебери, Кыргыз Республикасынын "Муай Тай" тайбокс федерациясынын башкы машыктыруучусуна. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |