Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 9-апрели ПЖ № 52
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустук сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдырасулов Нурдин Азизбекович;
Абдугапаров Алмаз Абибулаевич;
Айтмырзаев Нурлан Жээналыевич;
Аманов Канат Аманович;
Дүйшеев Эркин Турдумаматович;
Жобонов Койчубек Касымович;
Жунусов Шарипбек Топчубаевич;
Закиров Самарбек Жанышевич;
Калыбеков Улукбек Жолдошович;
Пазылов Эркин Шайлообекович.
2. Жамангулов Жыргалбек Жамангулович жана Мадмарова Эльнара Абдувалиевна курактык чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |