Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги VI- сессиясы
2015-жылдын 20-апрели № 24/6-7
Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик жана ижара укуктарын акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1- 5-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 сандуу токтому, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 6.04.2017-жылдагы №01-1/335 чыгыш сандуу каты жана Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук чечиминин негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 20.02.2014- жылдагы кезектеги X-сессиясында кабыл алынган №76/10-6 жана № 99/10-6 сандуу токтомдору жокко чыгарылсын.
2. Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик жана ижара укуктарын акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө
3. Жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Байгараев Р.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |