Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 26-январы ПЖ № 15
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облустук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Чүй облустук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдиева Тынара Курмантаевна;
Абдырашитов Тилек Арстанбекович;
Алгожоев Замирбек Болотбекович;
Апышев Алмазбек Апышевич;
Джаналиева Миргуль Джаныкеевна.
2. Курактык чегине жеткенге чейин Алибаев Акматали Имаралиевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |