КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 26-январы ПЖ № 16
Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облустук сотуна, Бишкек шаардык сотуна жана Чүй облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
- Ысык-Көл облустук сотуна
Апышев Алмазбек Апышевич;
- Бишкек шаардык сотуна
Алгожоев Замирбек Болотбекович;
- Чүй облустук сотуна:
Абдиева Тынара Курмантаевна;
Абдырашитов Тилек Арстанбекович;
Алибаев Акматали Имаралиевич;
Джаналиева Миргуль Джаныкеевна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |