Редакцияот 15.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 15-февралы ПЖ № 23

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы № 547 "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 19-февралындагы N 12 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков