Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 6-апрели ПЖ № 48
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "2003-жылдын 28-январында Бишкек шаарында кол коюлган Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыкты өзгөртүшүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарансыздык жана кош жарандуулук учурларын болтурбоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө төмөнкү адамдардын өтүнүчтөрү канааттандырылсын:
1) Донец (Прилипко) Елена Александровна, орус, 1967-жылы Казак ССРинин Кызыл-Орда облусунун Яныкурганск районундагы Тюмен-Арык поселкасында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жашап жатат;
2) Салтыкова (Красикова) Евдокия Михайловна, орус, 1956-жылы РСФСРдин Балаш облусунун Бударинск районунда туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
3) Советова Наталья Викторовна, орус, 1954-жылы Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
4) Фришко Роза Викторовна, украин, 1993-жылы Украинанын Луганск облусунун Ровеньки шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
5) Хван Гени, корей, 1956-жылы Өзбек ССРинин Хорезм облусунун Куйбышев айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жашап жатат.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |