ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2019-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 30 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакция01.03.2019 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 1-марты ПЖ № 30

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Бишкек шаардык сотунун, Жалал-Абад жана Баткен облустук сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Абдымомунова Джамиля Канатбековна;

Абдыразаков Омурбек Анарбекович;

Абдураимов Арзыбай Базарбаевич;

Азимжанов Мадамин Низамидинович;

Акбаров Шакирали Айтбаевич;

Алимкулов Нургазы Халилович;

Бекташов Суйунбек Исраилович;

Ботоев Ильяс Кулубаевич.

2. Кожобекова Гульмира Турдумаматовна жана Токтосун уулу Каныбек курактык чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков