ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2019-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 54 «Э.У.Чоткараев жөнүндө» Жарлыгы

Редакция12.04.2019 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 12-апрели ПЖ № 54

Э.У.Чоткараев жөнүндө

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Э.У.Чоткараевге карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Чоткараев Эрнис Устабаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, анын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков