Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 30-апрели ПЖ № 57
Маалыматтык технологиялардын Улуттук борбору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 65 буйругу менен түзүлгөн Маалыматтык технологиялардын Улуттук борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын түзүмүндөгү өзүнчө юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын уставында:
13-пункт "Билим берүү жана илим департаменти" деген сөздөрдөн кийин ", Маалыматтык технологиялардын Улуттук борбору" деген сөздөр менен толукталсын;
17-пунктта "дайындалат" деген сөз "дайындалат жана бошотулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
18-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) Академиянын проректорунун, Академиянын проректору рангындагы Администрациялоонун жогорку мектебинин директорунун жана Маалыматтык технологиялардын Улуттук борборунун директорунун кызмат орундарына дайындоо жана бошотуу үчүн талапкерлерди МККнын директорунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине сунуштайт;";
21-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"21. Академиянын проректору, Академиянын проректору рангындагы Администрациялоонун жогорку мектебинин директору жана Маалыматтык технологиялардын Улуттук борборунун директору МККнын директору менен макулдашуу боюнча Академиянын ректорунун сунушу менен Академия менен түзүлгөн мөөнөттүү эмгектик келишимдин шарттарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан дайындалат жана бошотулат.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкаруу түзүмү ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы:
- Маалыматтык технологиялардын Улуттук борборунун уюштуруучусу катары чыксын жана белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди актуалдуу санариптик көндүмдөргө жана компетенцияларга натыйжалуу окутуу үчүн Маалыматтык технологиялардын Улуттук борборун тартсын;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда Маалыматтык технологиялардын Улуттук борборунун материалдык-техникалык базасын аралыктан билим берүүчү технологиялардын ресурстук борбору катары пайдалансын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 3-майындагы N 36 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ТҮЗҮМҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2019-жылдын 30-апрели ПЖ № 57
Маалыматтык технологиялардын
Улуттук борбору жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 65 буйругу менен түзүлгөн Маалыматтык технологиялардын Улуттук борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын түзүмүндөгү өзүнчө юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы:
- Маалыматтык технологиялардын Улуттук борборунун уюштуруучусу катары чыксын жана белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди актуалдуу санариптик көндүмдөргө жана компетенцияларга натыйжалуу окутуу үчүн Маалыматтык технологиялардын Улуттук борборун тартсын;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда Маалыматтык технологиялардын Улуттук борборунун материалдык-техникалык базасын аралыктан билим берүүчү технологиялардын ресурстук борбору катары пайдалансын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 3-майындагы № 36 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |