Редакцияот 08.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 8-майы ПЖ № 60

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустук сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Бакиров Кайридин;

Малдыбаев Нурлан Малдыбаевич;

Мелсов Женишбек Мелсович;

Мукамбетов Улукбек Кубанычбекович;

Чоноев Адилет Адамжанович.

2. Мурзалиева Жыргал Нуржановна курактык чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков