Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги VI- сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 27/6-7
Талас шаардык кеңешинин 05.06.2015-жылдагы №187/22-6 сандуу, 23.03.2016-жылдагы №246/31-6 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.03.2011-жылдагы №176 сандуу токтому, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 17.04.2017-жылдагы №01-5/388 чыгыш сандуу каты боюнча Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук чечиминин негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин 05.06.2015-жылдагы №187/22-6 “Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын администрациялык комиссиясы жөнүндө” жана 23.03.2016-жылдагы №246/31-6 сандуу “Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу –мэриясынын администрациялык комиссиясы жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
2. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Байгараев Р.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |