КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 27-майы ПЖ № 71
Н.М.Мурашев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин отставкасы кабыл алынсын жана ал Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Негиз: Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.М.Мурашевдин арызы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |