Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 5-июлу ПЖ № 93
М.Э.Канулькулов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Канулькулов Марат Эдильевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2019-жылдын 21-июнунан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |