КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 5-июлу ПЖ № 92
Дж.А.Эрматов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эрматов Джапар Асынбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |