Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги VI- сессиясы
2017-жылдын 20-апрели № 29/6-7
Талас облустук өнүктүрүү фондусуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтомуна ылайык, Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талаптарына шайкеш Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы шаардын социалдык экономикалык жактан өсүп өнүгүүсү үчүн эң башкы приоритет катары эсептелген долбоорлордун үстүндө иштеп чыгып, сунуштоо жөнүндө маселени карап, талкуулап, Талас шаарында бала бакча куруу, калктын өзгөчө кырдаалдар коопсуздугун камсыздоо жана жол көйгөйлөрүн жөнгө салуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы (мэр А.Джузупбеков) шаардагы эң маанилүү приоритет катары төмөндөгү долбоорлордун үстүндө Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талаптарына шайкеш иш алып барсын жана долбоорлорго макулдук алуу боюнча Талас шаардык кенешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
- Талас шаарындагы ”Жаштык” кичи районунун аймагына бала бакча куруу
жөнүндө;
- Талас шаарынын “Анар” кичи районунда жашаган калктын өзгөчө кырдаалдар
коопсуздун камсыз кылуу үчүн дренаж казуу жөнүндө;
- Талас шаарынын ички жолдорун асфальттоо жөнүндө;
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына
жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын
мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык
кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |