Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 25-июлу ПЖ № 97
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторунун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Алдашов Азамат Зарылбекович;
Жоробеков Токтосун Сайзилдаевич;
Иманалиева Айнура Касымбековна;
Маматалиева Айнура Сайбидиновна;
Пирматов Каныбек Алимканович.
2. Курактык чегине жеткенге чейин Курманбаев Жекшеналы Анарбекович жана Масабирова Тарифа Жаанбаевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |