Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 28-августу ПЖ № 109
Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:
"Даңк" медалы менен:
Мукамбетов Руслан Мустафаевич | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын начальниги, полковник; |
Мусуралиев Азат Алаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн "Капчыгай" чек ара заставасынын начальниги, улук лейтенант; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:
Аристокиев Айбек Джаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскердик бөлүгүнүн батальонунун командири, гвардиянын капитаны; |
Белеков Уларбек Эрикович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565-аскердик бөлүгүнүн радиолокациялык ротасынын командири, капитан; |
Касманбетов Жаныбек Джумаевич | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кадрлар башкармалыгынын начальниги, полковник; |
Садиков Рустам Исмаилжанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 02626-аскердик бөлүгүнүн бронетанкалык кызматынын начальниги, подполковник; |
Тайкара уулу Абылкасым | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчысы, кенже сержант. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |