Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 28-августу ПЖ № 110
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата төмөнкүлөр
СЫЙЛАНСЫН:
II даражадагы "Манас" ордени менен: | ||
Сейдакматова Жамал | - | "Туңгуч" жаштар драма театрынын кɵркɵм жетекчиси, "Кыргызстан театр ишмерлер союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү; |
Токтахунова Самарбубу | - | комузчу, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору; |
III даражадагы "Манас" ордени менен: | ||
Алымбеков Надырбек | - | акын, котормочу, "Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү; |
Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевич | - | Кыргыз-Өзбек университетинин алдындагы Котормо жана окуу китептерин басып чыгаруу борборунун жана "Табигый таш" илимий-изилдөө борборунун директору; |
"Даңк" ордени менен: | ||
Аскаров Алик Бакеевич | - | "Avia Trafic Company" (Авиа Траффик Компани) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору; |
Оморов Рахатбек Арсыбекович | - | И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы; |
"Даңк" медалы менен: | ||
Базарбаева Зайна Касымовна | - | Ош облусунун Өзгөн районундагы "Касым-Ата" асыл тукум жылкы чарбасынын жетекчиси; |
Жолдошов Туйгун | - | "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Кучкачов Шукурбек Шабданович | - | "Кыргыз республикалык майыптар коому" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Насыров Вадим Алиярович | - | И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын оториноларингология кафедрасынын башчысы; |
Рысалиев Табылды Карымбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын каржылоо жана эсеп жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; |
Султанов Бекболот Мырзакасымович | - | "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун технологиялык транспорт башкармалыгынын начальниги; |
Сюй Виктор Петрович | - | "ФМУ-1" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Бишкек шаары; |
Чолова Айнагул Торгоевна | - | Кыргызстан калкы ассамблеясынын маданият жана билим берүү боюнча эксперти; |
Юлдашева Азиза Узгеновна | - | "Жер Азыгы" Кыргызстан агробизнесмендер ассоциациясынын аткаруучу директору; |
берилсин: | ||
"Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наам: | ||
Асанов Рашбекке | - | С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артистине; |
Осмонов Сатылганга | - | композитор, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө; |
Сейдалиева Калича Осмонбековнага | - | Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистине; |
"Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" деген ардактуу наам | ||
Жусубалиев Кубатбекке | - | жазуучуга; |
"Кыргыз Республикасынын эл акыны" деген ардактуу наам: | ||
Бакиров Карбаласка | - | акын, "Эркин Тоо" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезитинин маданият, илим, спорт жана туризм бɵлүмүнүн башчысына; |
Эгембердиев Абдыжапар Бекбосуновичке | - | акын, "Ысык-Көл кабарлары" облустук гезитинин башкы редактору, "Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн төрагасына; |
"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" деген ардактуу наам | ||
Жолчуев Дуйшонго | - | скульптор, "Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам: | ||
Абдивахитов Адыл Телавалдиевичке | - | Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театрынын кɵркɵм жетекчисине; |
Абдрахманов Курсант Барктабасовичке | - | К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, артистине; |
Алсеитова Алмагуль Токтакуновнага | - | К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын артистине; |
Аралбаев Жоробек Эркинбаевичке | - | театр жана кино артисти, "Кыргызстан кинематографисттер союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө; |
Жигулёва Ольга Николаевнага | - | Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жетектɵɵчү сахна чеберине; |
Кожомжаров Абди Дыйканбаевичке | - | Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филормониясынын солистине; |
Кыйыкбаева Айсалкын Рыскуловнага | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистине; |
Мадрахимова Хаятхан Абиджановнага | - | Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык ɵзбек музыкалык драма театрынын артистине; |
Ниязбаева Кульнура Мухаметовнага | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти - сценанын жетектɵɵчү сахна чеберине; |
Рысалиев Шерик Эшенкуловичке | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик филармониясынын Ч.Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин артистине; |
Талипов Эгембердиге | - | Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыкалык аспаптар жана ырдоо кафедрасынын доцентине; |
Токтобаев Болотбек Жакыповичке | - | обончу, аткаруучуга; |
Тургумбаева Айнур Жанузаковнага | - | Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артистине; |
Турсункулов Камчыбек Саиповичке | - | ырчы-композиторго; |
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам: | ||
Абдалова Фатима Садыковнага | - | акын, "Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө; |
Акбаров Атантайга | - | акын, обончу, "Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсүнө; |
Джапаров Аманбек Дилденбаевичке | - | артист, режиссер, драматург, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин искусство факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусуна; |
Жунушалиев Турганбек Шакировичке | - | Ысык-Көл облустук телерадиоберүү компаниясынын башкы редакторуна; |
Запольский Виктор Михайловичке | - | "Дело №" республикалык гезитинин уюштуруучусуна; |
Ибраимова Джамал Ибраимовнага | - | Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын методист-хореографына; |
Иманкулов Джумамедель Джумабаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долборлоо институтунун директоруна; |
Калчабаева Бурул Макыповнага | - | драматургга; |
Касмамбетова Гульнара Сапарбековнага | - | Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын башкы редакторуна, Лондон шаары, Улуу Британия; |
Кулумбаева Гульмира Омуркуловнага | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Маданият-Тарых-Тил" телеканалынын шеф-редакторуна; |
Матаев Жусупка | - | живописчи, "Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө; |
Момаханова Арман Керимкуловнага | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын музейлеринин бириккен дирекциясынын директоруна; |
Мусин Ержан Сейсеновичке | - | "Кыргызстандын казактарынын ассоциациясы" коомдук бирикмесинин мүчөсү, Кыргызстан калкы ассамблеясынын "Достук" ансамблинин солистине; |
Нарозя Владимир Владимировичке | - | "Кыргыз Республикасынын "Берегиня" украин коому" коомдук бирикмесинин төрагасы, "Барвинок" украин элдик ансамблинин көркөм жетекчиси, Кыргызстан калкы ассамблеясынын президиумунун мүчөсүнө; |
Нуркамилова Зуурага | - | "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый археологиялык музей-комплексинин Ноокат районундагы филиалынын У.Салиева атындагы музейинин жетекчиси, "Уркуянын урпактары" элдик фольклордук-этнографиялык ансамблинин жетекчисине; |
Пазылов Абибиллага | - | адабиятчы, жазуучу, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын басма сөз-катчысы, Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын адабият бөлүмүнүн башчысына; |
Рысбаев Жолочу Султановичке | - | акын, сатирачыга; |
Сухомлинова Ольга Семеновнага | - | А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын улуттук библиография бɵлүмүнүн башкы библиографына; |
Эшбаев Мамыралыга | - | Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин деканына; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" деген ардактуу наам: | ||
Абдыкадрова Гулипага | - | Чүй облусунун Жайыл райондук бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачына; |
Джунушова Нургуль Ташкеевнага | - | Чүй облусунун Чүй райондук аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн врачы-невропатологуна; |
Ишембаева Кулнариге | - | врач, Баткен облустук бириккен ооруканасынын Кадамжай үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2 дарыгерлер тобунун жетекчисине; |
Молдогазиева Канымкулга | - | Ош шаардык клиникалык ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн врач-кардиологуна; |
Молдокунова Гүлкайыр Касымовнага | - | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун "Ак-Тилек" үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачына; |
Сарыкбаев Каныбекке | - | Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун үчүнчү дарылоо бөлүмүнүн врачына; |
Ташбаева Сүйүмкан Азимбаевнага | - | Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн врачына; |
Ташибекова Гульнара Адыловнага | - | Бишкек шаарынын № 17 үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна; |
Тойгонбеков Айвар Кенешбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун жетектөөчү илимий кызматкерине; |
Тургумбаев Джамалбек Джумадиловичке | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын № 3 неврология бөлүмүнүн башчысына; |
Умарова Светлана Ибрагимовнага | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин педиатрия жана стоматология адистиктери боюнча № 1 терапия кафедрасынын доцентине; |
Чубаков Тулегенге | - | С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун фтизиопульмонология кафедрасынын башчысына; |
Шукурбаев Кубанычбек Абдыбаевичке | - | Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун политравма хирургиясы бөлүмүнүн башчысына; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" деген ардактуу наам: | ||
Агдеев Эсгер Гатаевичке | - | "Кыргызгражданстрой" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна, Бишкек шаары; |
Раисова Нарима Алмазбековнага | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин архитектура жана техникалык нормалоо башкармалыгынын башкы адисине; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" деген ардактуу наам: | ||
Атаева Сайрагуль Токтосуновнага | - | Бишкек шаарынын Т.Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директоруна; |
Баялышова Сагынбубу Кутманкуловнага | - | Талас облусунун Манас районундагы "Бала-Саруу" жалпы билим берүү орто мектебинин мугалимине; |
Джумалиева Роза Бусурманкуловнага | - | Бишкек шаарынын Р.Шүкүрбеков атындагы № 38 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин директоруна; |
Иманалиева Динар Капашовнага | - | Бишкек шаарынын Ж.Садыков атындагы № 84 жалпы билим берүү орто мектебинин директоруна; |
Нефедова Ирина Васильевнага | - | Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимине; |
Осмонова Айна Мухитдиновнага | - | Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин биология мугалимине; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" деген ардактуу наам: | ||
Асаналиев Тилекке | - | Эл аралык жогорку медициналык мектебинин укук коргоо органдары менен иштөө боюнча ректорунун кеңешчиси, "Кыргызстан эл аралык университети" окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин эл аралык укук кафедрасынын профессоруна; |
Галиева Жаркынай Душаевнага | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басарына; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" деген ардактуу наам: | ||
Кожошев Арзыбек Орозбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун кеңешчисине; |
Сатылганова Сабыркул Калиевнага | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башкы адисине; |
"Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам: | ||
Доолоткелдиева Тинатинге | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин айыл чарба факультетинин өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысына; |
Конкобаев Кадыралиге | - | Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарынын Эл аралык Түрк академиясынын ага серепчиси; |
Мукасов Ысманалы Мукасовичке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А. Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун улуттук жана чет өлкөлүк философия бөлүмүнүн башчысына; |
Сарыбаев Айылчыга | - | Экономика жана финансы институтунун ректоруна; |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам: | ||
Джаркыналиева Азият Шаболотовнага | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарына; |
Сокеев Азизбек Белековичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн референтине; |
Турусбеков Бактыбек Сагындыковичке | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына; |
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам | ||
Шералиева Алмагуль Сагынбековнага | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун трансфузиология бөлүмүнүн башчысына; |
"Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам: | ||
Атышов Кобогонго | - | М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин проректоруна; |
Ашимбаева Саламатка | - | Ош шаарынын "Бэби Лайф" билим берүү комплексинин директоруна; |
Базарова Лариса Алексеевнага | - | Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын № 5 балдар искусство мектебинин окутуучусуна; |
Байсалов Джоомарт Усубакуновичке | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканына; |
"Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам: | ||
Абдуллаев Кайрат Турдаджиевичке | - | "Үмүт и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна, Ысык-Ата району, Чүй облусу; |
Дайыров Темиркул Айтмырзаевичке | - | "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басарына; |
Машрапов Асылбек Андалбековичке | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун филиалы - Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын директоруна; |
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам: | ||
Алымкулов Жалил Абдраимовичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын облусу боюнча жаныбарларды жана жаныбарлардын ылаңдарын идентификациялоо, көзөмөлдөө системасы контролдоо секторунун башчысына; |
Сейитов Эсенбайга | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорунун ветеринар адисине; |
Тен Дмитрий Анатольевичке | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментинин директоруна; |
Чебодаев Дмитрий Викторовичке | - | Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун кой-эчки өстүрүү жана аргындаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкерине; |
"Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам: | ||
Анкудинов Андрей Владимировичке | - | Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусуна; |
Бакиров Шейшенкул Турдумамбетовичке | - | Бишкек шаардык мэриясынын теннис, спорттун күч жана паралимпиадалык түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директоруна; |
Батырбеков Андрей Муазовичке | - | Ш.Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын жеңил атлетика боюнча машыктыруучусуна; |
Бекболотов Адылкан Керимкуловичке | - | Бишкек шаарынын мэриясынын жекеме-жеке спорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин бокс боюнча машыктыруучу-окутуучусуна; |
Щербаков Иван Захаровичке | - | Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысына; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын: | ||
Айтемиров Камал Мурзакулович | - | "Сүлүктү-Карабулак" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Сүлүктү шаары, Баткен облусу; |
Айтиев Жеңишбек Акпаралиевич | - | Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын Маданият үйүнүн директору; |
Апышев Адилет Топчубаевич | - | "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун электромонтеру; |
Асанов Эмиль Даирович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Илим" маалымат-басма борборунун бөлүмүнүн башчысы; |
Ахматова Джыпар Муташовна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Кыргыз радиосунун" баяндамачысы, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү; |
Ашуралиева Тахмина Мирзалыевна | - | адвокат, көз карандысыз эксперт, соттук-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу тобунун мүчөсү; |
Байтиков Курманжан Бурганакович | - | "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун Түп райондук электр тармагынын башкы инженери; |
Бапанов Багытбек Шериевич | - | "Нур" кɵп тармактуу компаниясынын директору, "Нур реклама" коомдук-маданий гезитинин башкы редактору, Москва шаары, Россия Федерациясы; |
Бектуров Доктурбек | - | Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы; |
Джанаева Батмакан Тамабековна | - | Баткен облусунун Баткен районундагы Т.Садыков атындагы орто мектебинин математика мугалими; |
Джураев Сайдолимжон Маруфович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Дурсунов Атамша Латифович | - | Кыргыз Республикасындагы "Ахыска" түрк диаспорасынын коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Есеналиев Сагынбек Сманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн инспектору; |
Жамантаева Бурул Абдываповна | - | Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
Жолдошов Жеңишбек Шерикбекович | - | Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы; |
Жумалиев Зайнидин Калидинович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси; |
Исаев Эсенжан Маметканович | - | Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо балдар искусство мектебинин музыка мугалими; |
Исанова Мария Насирдиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы; |
Каныбек уулу Оңолбек | - | Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны; |
Каримов Төлөнбай Ташполотович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн Араван районунун аңчы-адиси; |
Ким Олег | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын криминалистика жана соттук экспертизалар кафедрасынын профессор-консултанты; |
Кулбаев Аслан Касымалиевич | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин доценти, соттук-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу тобунун мүчөсү; |
Маманов Көчкөнбай Чекирович | - | Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь аймактык ооруканасынын рентген лаборанты; |
Мараимов Монокбай | - | Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш фельдшердик-акушердик пунктунун фельдшери; |
Матвеева Любовь Павловна | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын сот органдары менен иштөө жана соттук процесстерине мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмүнүн инспектору; |
Момбекова Жыргал Канаевна | - | "Эне" кайрымдуулук фондунун президенти; |
Муратов Сапарбек | - | "Талант сыры майыптар коому" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Мыктыбек уулу Эрнис | - | "Чүй облусунун жаш майыптар союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Намазалиев Курманбек Сабырович | - | "Каркыра" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти, Каракол шаары, Ысык-Көл облусу; |
Наркеев Ырысбек Шергазиевич | - | "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын Ат-Башы электр тармактарынын улук диспетчери; |
Нусратова Зулайка Зайналовна | - | А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын артисти; |
Омуралиев Рысбек Адилетович | - | "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун Быстровск ГЭСинин электромонтеру; |
Омурзакова Зина Касымакуновна | - | Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматолог врачы; |
Осмонова Чолпон Омоковна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы; |
Өскөнбаев Карыбай | - | "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Кумтөр кенинин оор техниканы техникалык тейлөө бөлүмүнүн слесарларынын бригадири; |
Пирматова Джамила Ниматовна | - | К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин башкы бухгалтери; |
Саттарова Алымкан Ногойбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин Республикалык илимий-методикалык борборунун директорунун орун басары; |
Сейтказиева Асель Аметовна | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин директорунун орун басары; |
Сманова Эркебүбү | - | А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын улуттук библиография бɵлүмүнүн башкы библиографы; |
Сооронбаев Аскар Акылбекович | - | "Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги; |
Сырдыбаев Улан Муратбаевич | - | "Нурсан" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары; |
Тарасов Василий Степанович | - | "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын вагон чарба боюнча филиалынын Бишкек-2 станциясынын техникалык кароо пунктунун вагондордун улук кароочусу; |
Тиллаев Таабалды Гапырович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Тойгонбаев Орозбек Молдалиевич | - | Чүй облусунун Панфилов районунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору; |
Тургуналиева Афина | - | Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы И.Умаров атындагы № 9 орто мектебинин математика мугалими; |
Турсунбаев Азизбек Атакозуевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Турумбеков Каныбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нак акчалардын эксперттик бɵлүмүнүн сүрөтчү-дизайнери, "Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү; |
Ушуров Щукрат Аблимжитович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу; |
Фуртикова Алла Борисовна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун функционалдык диагностика бөлүмүнүн башчысы; |
Хаджиев Артык Абдрахманович | - | "Кыргыз Республикасынын "Иттипак" уйгурлар коому" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Чунтонова Людмила Григорьевна | - | Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын алдындагы "Сувенир" орус ыр ансамблинин балетмейстери; |
Эрназаров Эсенбай Токторбаевич | - | Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн анестезиолог-врачы; |
Юсуров Абдумажит Лелезович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |