Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 28-августу ПЖ № 113
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
"Даңк" ордени менен
Тилегенов Бактыбек Сабырович | - | Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру; |
берилсин: | ||
"Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наам | ||
Осмоналиев Рахатбек Муталиповичке | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы А.Джумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеруна; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам: | ||
Абдубачаев Рысбек Исмаилбековичке | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солистине; |
Абдыралиева Чынара Мелисовнага | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К.Орозов атындагы Эл аспаптар академиялык оркестринин артистине; |
Бабич Юлия Алексеевнага | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын вокал боюнча концертмейстерине; |
Бейшеев Талайбек Сабыровичке | - | композитор, "Аура" тобунун жетекчисине; |
Жеенбаев Мурзали Төлөновичке | - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ага окутуучусуна; |
Надырбек уулу Канатка | - | Мамлекеттик академиялык Мария театрынын Приморск филиалынын балет артистине; |
Раимбекова Жамиляга | - | Германия Федеративдүү Республикасынын Росток шаарындагы Фолькстеатр опера театрынын солистине; |
Ысманов Жеңишбек Эргешбаевичке | - | Италия Республикасынын Модена шаарындагы Л.Паваротти атындагы "Комунале" театрынын солистине; |
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" деген ардактуу наам | ||
Сайрамбаев Досжан Шамшыковичке | - | "КапиталБилдингЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна; |
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам: | ||
Зайнидин уулу Уланга | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын адабий бөлүмүнүн башчысына; |
Суеркулова Ирина Балтабаевнага | - | К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын кыргыздын салттуу элдик аспаптары кафедрасынын ага окутуучусуна; |
Чилетиров Джаныбек Жеенбаевичке | - | "Жаш кыял" элдик үлгүлүү бий ансамблинин жетекчиси жана башкы балетмейстерине; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын: | ||
Абдраимов Алмазбек Алпамышович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телеоператорлор чыгармачыл секциясынын жогорку категориядагы башкы телеоператору; |
Абдыбеков Жолдошбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Маалымат" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин жогорку категориядагы режиссеру; |
Абласова Жанар Бериковна | - | П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин хор бөлүмүнүн башчысы, вокал мугалими; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Амантуров Мирлан Казылаевич | - | Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын начальниги; |
Асанбекова Лейли Нурлановна | - | пианист, Бишкек шаары; |
Дурусалиев Жумадыл Медетбекович | - | скрипач, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Королдук филармониялык оркестринин солисти; |
Жакыпбеков Нусубалы Эшмукамбетович | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин артисти; |
Жолдошева Эльнура Шаршембиевна | - | Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын директору; |
Жоомартова Шекерхан Абдиллаевна | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын окутуучусу; |
Камытбеков Эрлан Шабданович | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Ак марал" мамлекеттик бий ансамблинин балет артисти; |
Кочконов Казыбек Маматкасымович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси - Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору; |
Курмангалиев Жумакадыр Билалович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборунун башкы директору; |
Сапожникова Ирина Константиновна | - | Мамлекеттик академиялык Мария театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы; |
Шаршеналиева Анаркул Сурахматовна | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку категориядагы хор солисти. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |