Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 28-августу ПЖ № 114
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Саламаттык сактоону, калкты медициналык тейлөөнү жана Кыргыз Республикасынын медицина чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн төмөнкүлөр
СЫЙЛАНСЫН:
"Достук" ордени менен | ||
Джошибаев Сейтхан | - | кардиохирург, Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын "Кардиохирургия жана трансплантология илимий-клиникалык борбору" жоопкерчилиги чектелген шериктигинин директору; |
"Даңк" медалы менен: | ||
Ван Чжэнь | - | профессор, Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Хэбэй медициналык университетинин Биринчи госпиталынын кардиотерапия кафедрасынын жана бөлүмүнүн башчысы; |
Ким Алексей Иванович | - | кардиохирург, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин "А.Н.Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы улуттук медициналык изилдөө борбору" федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин тубаса жүрөк кемтиги менен туулган ымыркайларды жана бир жаштагы балдарды реконструктивдөө хирургиясы бөлүмүнүн башчысы; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен: | ||
Михайлова Елена Владимировна | - | "Газпром" ачык акционердик коомунун 105-департаментинин начальниги; |
Приймак Владимир Викторович | - | "Газпром" ачык акционердик коомунун Социалдык демилгелерди колдоо фондунун башкы директору. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |