Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 28-августу ПЖ № 118
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "2003-жылдын 28-январында Бишкек шаарында кол коюлган Украинада туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Украинанын жарандарынын жарандыкты өзгөртүшүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жана жарансыздык жана кош жарандуулук учурларын болтурбоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө төмөнкү адамдардын өтүнүчтөрү канааттандырылсын:
1) Денисова (Захарова) Галина Михайловна, орус, 1961-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
2) Салтыкова (Хараман) Наталья Александровна, грек, 1978-жылы Украин ССРинин Донецк облусунун Старобешевск районундагы Раздольное айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат.
Аны менен бирге 2004-жылы туулган кызы Салтыкова Валерия;
3) Суменко Вячеслав Васильевич, орус, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
4) Тайфикова Фарида Иброхимовна, түркмөн, 1998-жылы Украинанын Херсон облусунун Каланчацск районундагы Бабенковка Первая айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жашап жатат.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |