Редакцияот 04.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 4-сентябры ПЖ № 124

Г.К.Кудайбердиева жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кудайбердиева Гульмира Каримовнанын отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Негиз: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Г.К.Кудайбердиеванын арызы.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков