Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 6-ноябры ПЖ № 150
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Нарын, Талас, Чүй жана Ош облустарынын жергиликтүү сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
- Нарын облустук сотуна
Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна;
- Талас облустук сотуна:
Ибраимов Бакыт Молдозакович;
Кенжеев Марсель Майрамбекович;
- Чүй облусунун Кемин райондук сотуна
Сатарбек уулу Мирбек;
- Ош облусунун Алай райондук сотуна
Кожомкулов Алайбек Рамазанович;
- Ош облусунун Араван райондук сотуна
Бакалбаев Тилек Калмаматович;
- Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотуна
Базарбаев Канатбек Туратбекович;
- Ош облусунун Ноокат райондук сотуна
Абдираев Азамат Парпиевич;
- Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна
Раимкулов Эрмек Раимкулович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |