Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 18-декабры ПЖ № 172
Р.М.Муминовду (курман болгондон кийин) "Эрдик" медалы менен сыйлоо жөнүндө
Аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2021-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын атайын багыттагы 2-тобунун чалгынчы-аткычы, прапорщик Муминов Равшан Мурзахматович (курман болгондон кийин) "Эрдик" медалы менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |